Жаңылыктар
Жеңиш Разаков Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты
Экономика
Жеңиш Разаков Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясы Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Отурумда  ички рыноктун иштеши, бажылык жөнгө салуу, өнөр жай, соода тармагындагы кызматташтык жана өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүк маселелери каралды.

Кеңеште  Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин үчүнчү өлкөлөр, аймактык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен  кызматташууну, экономикалык кызыкчылыктардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү максатында иштелип чыккан «Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдарга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө»  Чечиминин долбоору жактырылды.  Ошондой эле «Чек арасыз жумуш» долбоору дагы талкууланып,   2019-жылдын 1-октябрында Армениянын  Ереван шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын күн тартибин жактырышты.