Мексиканын Нуэво-Леон штатындагы «Фернанд» бороонунан эки киши каза болуп, 400 мектеп зыян тартты. Бул тууралуу Televisa агенттиги жазды.
3 жогорку окуу жайы жараксыз абалга кептелди. Табигат кырсыгынан келтирилген чыгым 380 млн. долларды түздү.
Буга чейин Багамадагы «Дориан» бороонунан 50 кишинин көз жумгандыгы айтылган. Мындан тышкары 10догон имарат талкаланып, дайынсыз болгондор дагы бар.