Жаңылыктар
Кыргыз радио бирикмесине 85 жыл!
Маданият
Кыргыз радио бирикмесине 85 жыл!

Бүгүн кыргыз радиосунун 80-жылдардагы тарыхы туурасында сөз кылабыз. Бул мезгилдеги жаңылык радионун тарыхында биринчи ирет “радио көпүрө” эфирге түз чыккан. Айталы, “Казакстан”, “Өзбекстан” республикалары менен бир саат түз эфирде эки өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, маданий маселелер туурасында эки тараптуу ободо кызыктуу байланыш ишке ашырылган.

Ооба, анда мен жаштар редакциясында иштечү элем. Биринчи ирет ушул идея пайда болгондо алдын ала аракетер көрүлүп, эки республика жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрөр эле. Мурун мындай иш практикаланбай келгендиктен адегенде кооптонуулар пайда болгону маалым. Ошол 1980-жылдары радио теле менен бирге иш алып барышчу. Бир редакция теле жана радио берүүлөрдү эфирге сунуштаар эле. Бул биригүүнүн ыңгайлуу жагы да, ынгайсыз жактары да бар болчу. Ыңгайлуу жагы теле радионун айрым редакциясынын ишин ар тараптан координациялоого чоң көмөк көрсөтө алгандыгында. Мисалга, кабарларды даярдоо үчүн мурда чыгармачыл топтор телеге өзүнчө, радиого өзүнчө түзүлчү. Машина бөлүнчү. Бир эле жерден алып келген материалдарын ар кимиси өзүнчө иштеп чыгып, машинкага өзүнчө басылчу. Эми аны бир эле чыгармачыл топ

 тейлеп, ишке ашырып калды. Техникалык жактан тейлөөдө да үнөмдөө пайда болду.  

Берүүлөрдүн тематикасын ыңгайына карап телеге же радиого бөлүштүрүүсү ыңгайлуу жемишин бере баштаган. Радиодо 1988-жылдан тартып республикадагы кайра куруу, айкындык, демократия ишинин жүрүшүн чагылдырган “Кыргызстан” маалымат талдоо программасы күнүнө 45 мүнөттөн эфирге чыккан. Анда ар бир күндүн өз чыгармачыл тобу уюшулуп, алардын ортосунда чыгармачыл атаандаштык жаралганын белгилеп кетсе болот. Ошондой эле бир сааттык маалымат музыкалуу программа да ободо жаңырган.  Бул уктуруу угармандар тарабынан кызуу колдоого алынып, уктуруунун дарегине толгон каттар, телефон чалуулар келген. Радионун түз эфирдеги уктуруулары да ушул жылдарга туура келет. Адеп жаңылык катары кабылданып келсе, бара-бара анын эфирдик убактысы кеңейген. Радионун угарман чөйрөсү арбындап, уктуруулардын сапаты кыйла жакшырган.  

К. Калилов, “Биринчи радио”