12-14-сентябрда, Бишкекте, Москва шаарынын күндөрү өтөт.
Иш-чара Москва жана Бишкек шаарларынын ортосундагы достук байланыштарды, кызматташууну жакшыртуу максатын көздөйт.
Программага кызматташтык деңгээлдеги, маданий жана спорттук иш-чаралар дагы камтылган. Москва күндөрүнүн алкагында эки шаардын тиешелүү органдарынын жетекчилери соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий байланыштар, ошондой эле кызматташуунун жолдорун талкуулашат.