Жаңылыктар
Соода-өнөр жай палатасы: ишкерлердин 24 пайызы күнүгө коррупцияга туш келүүдө
Коррупция
Соода-өнөр жай палатасы: ишкерлердин 24 пайызы күнүгө коррупцияга туш келүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын иликтөөсүнө ылайык ишкерлердин 24 пайызы күн сайын коррупцияга туш келүүдө. Мындай маалыматтарды камсыздоочулар, өндүрүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева Өкмөттүн алдындагы Коррупцияга каршы кеңештин жыйынында билдирди. 

Чындыгында эле, коррупциялык көрүнүштөр орун алып жатканын Коргоо кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да моюнга алды. Анын айтымында жемкорлук бардык тармакта катталууда. Премьер-министр Абылгазиев бул жарыяланган статистикадагы сандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгиледи.