Жаңылыктар
Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
Саясат
Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Исаковдун талапкерлиги бүгүн парламентте каралып, эл өкүлдөрүнүн да колдоосуна алынган. 107 депутат "макул" деп добуш берди. Ошол эле учурда парламентте өлкөнүн билим берүү тармагындагы көйгөйлөр кызуу талкуу менен коштолду. Узак мөөнөттөгү жана тез арада чечилүүгө муктаж болгон маселелер айтылды.

Учурда Кыргызстандын билим берүү тармагы чоң реформаларга муктаж. Мектеп, бала бакча жетишсиздигинен тартып, окуу программалары, акыркы кезде окуу китептеринде орун алып жаткан каталар, жогорку окуу жайларындагы паракорчулук, ага катар ата-энелердин нааразычылыгын жаратып жаткан мектептеги фонддор орчундуу көйгөйлөрдөн болуп турат.

Билим берүүдөгү коррупция көйгөйү бир нече ирет көтөрүлдү. Мындан сырткары, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мектеп, бала бакчаларда эне тилге көңүл бурулбай жатканы көп жылдардан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Акыркы кезде коомчулукта кызуу талкуу жараткан маселе окуу китептериндеги көп сандаган каталар болууда. Бул маселе мурдагы министрдин убагында да бир нече ирет көтөрүлүп, анын дарегине көп сындар айтылган. Китептерде бир гана грамматикалык эмес, маани маңызы жагынан орун алган каталарды четтен санаса болот. Андыктан окуу китептеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу кажет.

Билим берүү министрлигинде тармакты өнүктүрүү боюнча жалпы стратегия да жок болуп келген. Мисалы, талантуу жаштарды колдоо, келечекте актуалдуу боло турган кесиптерге толук кандуу талдоо жүргүзүү маселелери колго алынбай келген. Мына ушул көп сандаган көйгөйлөр өрчүп отуруп маселе министрдин отставкасына чейин жетти.

Эл өкүлдөрү билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө ичинен саресеп салып, чиеленген маселелерди түп тамырынан жоюу керек деген пикирлерди айтышып, жаңы министрге үмүт артышты. 107 депутат "макул" добуш берип, парламент Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду. Бүгүн аны министрликке дайындоо боюнча президенттин да жарлыгы чыкты. Каныбек Исаков буга чейин көп жылдар бою Ош мамлекеттик университетин жетектеген, окуу жайдын жетишкендиктерин азыр үлгү катары көрсөтсө болот.