Жаңылыктар
“Дориан” бороонунун кесепетинен эки жарым миң адам дайынсыз болууда
Дүйнө
“Дориан” бороонунун кесепетинен эки жарым миң адам дайынсыз болууда

Багам аралдарында бир жумага созулган “Дориан” бороонунун кесепетинен эки жарым миң адам дайынсыз болууда. Катуу шамал Багам аралдарына 1-сентябрда каптап келген болчу. Акыркы маалыматтарга ылайык, курман болгондордун саны 50гө жетти. Аралдарда 13 миңге жакын объект талкаланып, көпчүлүк аймактарда турак жайлар суу алдында калган. 

Азык-түлүк менен камсыз кылган бүткүл дүйнөлүк уюмдун өкүлдөрү 15 адамдан түзүлгөн эксперттик топ Багам аралдарына барып, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берип, зыянга учураган аймактын чыгымын карап жатат деп билдирди. Жакын арада программанын кызматкерлери Багам аралдарына тамак-аш жана башка керектүү буюмдарды жиберишкен.