Жаңылыктар
Михаэль Шумахер 6 жылдан кийин эсине келди
Дүйнө
Михаэль Шумахер 6 жылдан кийин эсине келди

2013-жылы кырсыктап, катуу жаракат алып, 6 жылдан бери эс-учун билбей жаткан "Формула-1" жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер эсине келгенин чет элдик басылмалар жазууда. 

Шумахердин акыркы жолу дарылануусу Париждеги "Жорж Помпиду" атындагы оорукананын жүрөк-кан тамыр хирургиясынын бөлүмүндө улантылып жаткан. Аталган оорукананын профессору Филипп Менаше спортчунун эсине келгенин билдирди. 

Белгилей кетсек, Шумахер мындан алты жыл мурда Франциянын лыжа базаларынын биринде лыжа тээп жүрүп кырсыктаган. Анын баш сөөгү, мээси жабыркап, спортчу ошондон бери комада болчу.