Жаңылыктар
Нур-Султан шаарынын жазылышында өзгөрүү болот
Дүйнө
Нур-Султан шаарынын жазылышында өзгөрүү болот

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын жазылышында өзгөрүү болот. Аталыштын сызыкча белгиси алынып, Нурсултан деп чогуу жазылат. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары жазышты. 

Калаанын атын өзгөртүүгө өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин сунушу себеп болгон. Буга байланыштуу Казак бийлиги экс-президенттин өтүнүчүн канааттандырып, орфографиялык катаны эске алып, аны оңдой турганын билдирген. Бул сунушка Нурсултандын мэри дагы макул болгон.