Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда катталган катуу шамалдын кесепети
Аймак
Ысык-Көл облусунда катталган катуу шамалдын кесепети

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол шаарында 10-сентябрь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 28 м/с жеткен катуу шамал катталып, 42 турак үйдүн 1328 даана шиферин, 1202 м2 туникесин жана Чыгыш Электро ишканасынын автобазасынын 708 даана шиферин учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилеген эмес.Ошондой эле, Ак-Суу районунда 10-сентябрь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталып, Челпек жана Таш-Кыя айылында 4 турак үйдүн 117 даана шиферин, Октябрь жана Жолголот айылында 1 кыш заводдун 1068 м2 профнастилин учурган жана 1 күнөскананы жараксыз абалга келтирген.