Жаңылыктар
ӨКМ: калың карда жайлоодо калган чабандарга жардам көрсөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: калың карда жайлоодо калган чабандарга жардам көрсөтүлүүдө

Өлкөнүн тоолуу аймактарына 9-10-сентябрда калың жааган кар жайлоолордогу чабандарга кыйынчылыктарды жаратты.

Чүй облусунун Жайыл районунда 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр, Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал-жандыктары менен калып калышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 10-11-12- сентябрь күндөрү чабандар малдары менен көчүрүлүп келинүүдө. 

Ушундай эле көрүнүш Нарын жана Жалал-Абад облустарында да катталып, чабандар көчүрүлүп келип, мал-жандыктар жайлоодон аман-эсен түшүрүлгөн. 

Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы Ой-Кайым жайлоосунан 10 чабан мал-жандыктары менен көчүрүлүдө. Токтогул, Аксы райондорунда да ушудай көрүнүш катталып, чабандарга ӨКМ тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.