Жаңылыктар
Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү
Саясат
Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Соттук-укуктук реформаны тажрыйбалык ишке ашыруу, анын ичинде заманбап техникалык каражаттарды киргизүү жана жабдуу үчүн Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттен  каражаттар бөлүндү. 


Бул тууралуу  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жыйынында  билдирди. Өкмөт башчынан белгилешинче, коррупцияга каршы күрөшүүдө аткаруу бийлиги коомчулук менен тыгыз кызматташууга даяр.

"Коррупция  менен күрөшүү саясатында мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулук принцибин  камсыз кылуу жана коррупцияга каршы туруу, алдын алуу боюнча маселеде жарандык  коом менен тыгыз кызматташууну күчөтүү Өкмөттүн негизги багыттарынан. Буга  байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Ачык Өкмөткө»  өнөктөш болууда.  Өкмөт коомдук институттар менен коомдогу  бардык маселелерди биргеликте жана ачык анализдөөгө конструктивдүү диалогго  даярдыгын кошумчалады. Маселелерди жана тобокелчиликтерди анализдөөнүн  негизинде Өкмөт мамлекеттик органдардагы коррупциянын кесепети менен күрөшүү  эмес, комплекстүү профилактика жүргүзүү жана алдын алууга багытталган,  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын 2019-2021-жылдарга  карата иш-чаралардын Планынын долбоорун иштеп чыкты" - деп белгиледи Өкмөт башчы.