Жаңылыктар
Борбор калаанын күнүнө карата майрам
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын күнүнө карата майрам

Бүгүн, Бишкек шаарынынын 138 жылдык маарекесине арналган, борбор калаадагы аянтындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында студенттер жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа болуп өттү. Иш-чара Бишкек шаарынын мээриясы тарабынан уюштурулду.

Аба-ырайынын жамгырлуу болгонуна карабай шаар тургундары жана борбордун коноктору түркүн сезимдерге ээ болуп, позитивдүү маанайда болушту.