Жаңылыктар
ММА боюнча Азия чемпиону Муслим Омонов киши колдуу болуп каза болду
Спорт
ММА боюнча Азия чемпиону  Муслим Омонов киши колдуу болуп каза болду

Өзбекстандын Ташкент шаарында ММА боюнча Азия чемпиону киши колдуу болуп каза болду.  

Газета.uz жазган маалыматка  караганда,  окуя 10-сентябрдан 11ине караган түнү жергиликтүү кафелердин биринде  болгон.  Эркектер  арасында пикир келишпестик орун алып, мушташкан. Бул чактактын арты   эрежесиз эр мушташ боюнча Азия чемпиону Муслим Омоновдун өлүмүнө алып келди.  23 жаштагы спортчу  Өзбекстандын 7 жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча бир жолку дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле ММА боюнча Азия биринчилигинин ээси аталган.