Жаңылыктар
Кыргызстан менен Япониянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды
Саясат
Кыргызстан менен Япониянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Япониянын Элчисине өз ара ишеним жана урматтоого негизденген кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. 

“Кыргызстан Япония менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул жылдары биз өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдеп, кеңейте алдык. Япония Кыргызстанга демократиялык баалуулуктарды жылдыруу максатында гранттык, насыялык жана техникалык жардам берип келет. Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирем”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент жана Элчи өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык, парламенттер аралык, дипломатиялык, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

"Президент мырза, жылуу кабыл алууңуз үчүн ыразычылык билдирем. Менин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиямды өтөгөн жылдары кыргызстандыктардын жана мамлекеттик бийликтин колдоосун жана жакшы мамилесин сездим. Элчилик кызматымда JICA япон эл аралык кызматташуу агенттигинин “Бир айыл - бир азык” долбоору эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырылып жатканын баса белгилегим келет",- деди Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура.