Жаңылыктар
Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБдин рыногуна жеткирүүнү кеңейтүү
Экономика
Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБдин рыногуна жеткирүүнү кеңейтүү

ЕАЭБ аймагындагы ишкерлер союзунун башкармалыгынын төрагасы Виктор Камболов Кыргызстанга келип, айыл-чарба тармагында алектенген кыргыз ишкерлери менен жолукту. 

Жыйында негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны Россиянын ири шаарларына жана ЕАЭБдин рыногуна жеткирүүнү кеңейтүү жана бул процесске башка да кыргыз ишкерлерин тартуу маселеси көтөрүлдү.

Адистердин айтымында, дүйнө жүзү ар кандай химиялык заттар кошулган азыктардан арылуунун жолун издөөгө ашыкпай жатат. Органикалык жактан таза продукцияны өндүрүүдө азырынча кыргыз дыйкандары гана айырмаланууда.

Мындай баа берүү - кыргыздын балын, өрүгүн, сүт азыктарын даамдап көргөн Орусиялыктардын да оозунан чыкты. Бул шарт болсо 11-апрелде Москвада ачылган соода-көргөзмө павильонунда түзүлдү.