Жаңылыктар
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерди колдоого даяр
Экономика
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерди  колдоого даяр

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Москва менен Бишкектин ишкерлеринин 25 миллион долларга чейинки долбоорлорун колдоого даяр. Мындай пикирлер Москванын Кыргызстандагы күндөрүнүн алкагында тараптардын соода-экономикалык жана инвестициялык маселелерге байланыштуу экономикалык конференциясында айтылды. 


Москванын Кыргызстандагы күндөрү үч күнгө созулат. Анда маданият жана спорттук иш чаралар жана Бишкек менен Москванын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү да жолугушууларды өткөрүлөт.


Москва көчөлөрдөгү тыгындарды жоюу багында жетишкендикке жетти. Москва шаарынын мэриянын кызматтары мына ушундай натыйжалуу көрсөткүчкө атайын даярдалган программа менен ээ болгон. Эми бул багыттагы тажрыйбасын Москва Бишкек менен бөлүшүүгө даяр.

Москва менен Бишкектин ортосунда ар тараптуу кызматташтык түзүлгөн. Ишкерлик багытындагы алака байланыштын эң башкы бөлүгү. Буга чейин товар жүгүртүү 1,5 млрд долларга жеткен.