Жаңылыктар
Чек араны делимитациялоо боюнча делегация Араван районуна барды
Чек ара
Чек араны делимитациялоо боюнча делегация Араван районуна барды

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүн жумуш тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барды. Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Керкидон суу сактагычынын жалпы аянты 1 миң 41 гектарды түзөт. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Токтомдору менен Керкидон суу сактагычынын объектилерине Оштун Араван районундагы чарбалардын 1 миң 41 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1 миң 41 гектар жерди берүүгө тийиш болгон. 1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган. Алар Араван районундагы Полигон, Баткен районундагы Кайрак, Аксы районундагы Дерес тилкелери.

Белгилей кетүүчү жагдай, Араван районунун аймагындагы «Полигон» тилкесинин сызыгы 2001- 2002-жылдагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош - Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түздү.