Жаңылыктар
Айыл чарбасын каржылоо максатында жеңилдетилген насыялар берилүүдө
Айыл чарба
Айыл чарбасын каржылоо максатында жеңилдетилген насыялар берилүүдө

"Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоору боюнча 6-сентябрга карата 4 миллиард 854 миллион 500 миң сомго 9 миң 823 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Атап айтканда, өсүмдүк өстүрүү максатында 2 миң 793 адам 1 миллиард 96 миллион 400 миң сом насыя алган. Мал чарбачылыгы жаатында 2 миллиард 606 миллион 300 миң сом насыяны 6 миң 737 адам, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагына 1 миллиард 151 миллион 700 миң сом 293 жеңилдетилген насыя берилген. 

Эске салсак, "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү жаатында иштеген ишкерлерге жана жеке тараптарга жеңилдетилген насыя берилет. Каражатты коммерциялык банктар жана каржы-насыялык мекемелерден 6, 8 жана 10 пайыздык өлчөм менен алышат.