Жаңылыктар
Куткаруучулар дүйнөлүк мелдешке катышууда
Спорт
Куткаруучулар дүйнөлүк мелдешке катышууда

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командасы өрт-колдонмо спорту боюнча дүйнөлүк мелдешке катышууда.

Орусиянын Саратов шаарында 8-сентябрда башталган чемпионат 16-сентябрга чейин уланат. Мелдеште куткаруучулар атайын шатыдан жогоруга чыгуу, 100 метрлик тоскоолдук тилкесинен чуркап өтүү, жана өрт эстафетасы боюнча күч сынашууда. 

Дүйнөлүк чемпионатта төрт иш-чара каралган. Алар эркектер арасында 15-Дүйнөлүк мелдеш, аялдар арасында 6-мелдеш, өспүрүмдөр арасында 5-дүйнөлүк мелдеш. Иш-чарага 26 мамлекеттен 800дөн ашык спортчулар катышып жатат. 

Максаты - өрт куткаруучуларынын ишин даңазалоо жана спорттун бул түрүн өнүктүрүү, өрт өчүрүүдө жаңы технологияларды тааныштыруу жана катышкан мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар кызматынын достук байланышын бекемдөө.