Жаңылыктар
Дем алыш күнү баш калаанын борбордук көчөлөрү жабылат
Спорт
Дем алыш күнү баш калаанын борбордук көчөлөрү жабылат

Бишкекте "Ак илбирсти коргойбуз" деп аталган жарым марафонго катышуу үчүн 3 миңден ашык жөө күлүк жазылды. Катышуучулар 15-сентябрда баш калаанын борбордук көчөлөрүнөн өтүшөт. Уюштуруучулар билдиргендей, жарым марафонго катышуу үчүн жыйырмадан ашык мамлекеттин өкүлдөрү каттоодон өтүүдө. Алар Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Беларусь, Франция, Италия, Түркия, Улуу Британия, Түштүк Корея, Индия, АКШ, Молдова, Грузия жана башка мамлекеттердин жарандары. Катышуучулар төрт аралык боюнча 1,5 чакырым, 5 км, 14 жана 21 чакырымдан ашуун аралыктын бирин тандай алышат.

Чуркоо маалында кесипкөй спортчулар өзүнчө топко бөлүнөт. Кыргызстандан иш-чарага Дарья Маслова, Адилет Кыштакбеков, Мария Коробицкая, Илья Тяпкин, Айтпай Бердигул уулу катышат. Кесипкөйлөр арасында жеңүүчүлөр 630 миң сомдон акчалай сыйлык алышат. Жарым марафондун жалпы байге фонду 4,5 млн. сом.

Иш-чарадан түшкөн каражат ак илбирсти коргоого жумшалат.