Жаңылыктар
Орусиянын тасмаларында жылдызы жанган мекендештер
Маданият
Орусиянын тасмаларында жылдызы жанган мекендештер

Орусиялык өндүрүштөн чыккан кино тасмаларда мыкты ролдорду жараткан Кыргызстандык актёрлор дагы бар. Алар эң алдыңкы жана мыкты делген тасмаларда ойноп, өздөрүнүн күйөрмандарын тапкан. 

Кыргыздын таланттуу адамдары катышкан чыгармалар бир гана Орусия эмес башка дагы мамлекеттерде көрсөтүлөт. Маанайы жайдары курбулар Орусиядан тышкары башка өлкөлөргө да таанымал таланттар. Алар союз тарай элек кезде Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып чогуу аяктаган. Көп жылдан бери Россиялык тасмаларга тартылып келишет. Жаңыл Асанбекова 4 жылдан белгилүү тасмада ойнойт. 


“Кухня” сериалы көп өлкөнүн сүйүктүү тасмасына айланган. “Айнура” аттуу ысымды алып жүргөн кыргыз айым, Бишкектен иш издеп барып, уруксааты кагазы жок иштеген эмгек мигрантынын образын жаратат.

Жаңыл Асанбекова сериалда мигранттын жүрүм-туруму аркылуу, кыргыз сөздөрүн айтып тартылышы атактуулук алып келген. Бир нече жылдан бери Россиянын белгилүү чыгармачыл адамдары менен бир казанда кайнап, бул чөйрөдө өз ордун тапкан.
Жаңыл Асанбекова, актриса: 

“Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. “Кухняга” тартылып калдым. Таланттуу актерлор менен чогуу тартылдым. Мен аларды мурун тасмадан эле көрчүмүн да. Азыр чогуумун бирге иштеп атам. Көп эле тааныгандар болот. Көбүнчө күйөрмандарым жаштар. Айнура деп келип кучактап калышат. Ошентсе күлөсүн, абдан жагымдуу сезимдер болот. Кубанычтамын.”

“Кухня” Орусиядагы атактуу тасма экендиги аныкталган жана бир нече жогорку сыйлыктарга татыган. Бир аз күн мурун Москвада жылдын мыкты сериалы наамын алды. Ал эми Айнура катары таанымал Жаңыл Асанбекова элдин сүймөнчүгүнө айланган.

Кытай кол башчысынын ролун жараткан Алайбек Тойчубеков. Ал орус сериалдарындагы Азия түспөлүндөгү дээрлик баардык ролдорду аткарып атагы чыккан. Жакында эле орусиялык тарыхый тасмада казак ханынын ролунда ойногон. Актер кыргыздан башкасынын баарын аткардым деп билдирди.

Көп жылдан бери Москвада жашаган кыргыз жарандарына кино жаатында суроо-талап жогору. Аларга тасмага түшүүгө сунуштар келип турат экен. Жылдызы жанган атактуу адамдар башка дагы тасмаларга тартылууга даярдык көрүүдө.