Жаңылыктар
«Турук» көмүр кенин «Ырыс-Кен» компаниясы 205 миң долларга сатып алды
Экономика
«Турук» көмүр кенин «Ырыс-Кен»  компаниясы 205 миң долларга сатып алды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда  караштуу   Ак-Чий айылындагы «Турук» көмүр кенин  «Ырыс-Кен»  компаниясы иштетет. 

Бул тууралуу  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин  төрагасы Эмил Осмонбетов “Биринчи радиого”  билдирди.  Анын белгилешинче,  аукционго «Ырыс Кен»,  «Дигитл Трейд»,  «Майнинг ресурс», «Нукер Бишкек»  компаниялары катышып, анын ичинен  205 миң доллар  сунуштаган  «Ырыс-Кен»  жеңүүчу болду. Учурда жумуштар башталды.

 Белгилей кетсек,  5-сентябрда Ак-Талаа районунун  Ак-Чий айылында Турук  көмүр кенин  иштетүүгө аукцион өткөн.  1951-жылы  «Турук» көмүр кенинде көмүр отуну бар экендиги аныкталган.