Жаңылыктар
Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда
Ден соолук
Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Бурденко атындагы нейрохирургия борборунан Москвадагы реабилитациялоо борборлорунун бирине которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Курманкуловдун ден соолугу жакшырууда. Бирок анын толук кандуу сакайып кетүүсү үчүн дагы убакыт талап кылынат. 

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов 12-августта дарылануусун улантуу үчүн Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жеткирилген. Ал 7-августта Кой-Таш айылындагы окуяда башынан катуу жаракат алган.