Жаңылыктар
Европа өнүктүрүү банкы өлкөгө 730 миллион доллар жумшады
Экономика
Европа өнүктүрүү банкы өлкөгө 730 миллион доллар жумшады

 Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы  Кыргызстанда  өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери  экономиканын ар түрдүү секторлоруна дээрлик 730 миллион АКШ долларын салган. 

Бул тууралуу  Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын  Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолугушуусунда билдирди. 

Өкмөт башчынын белгилешинче,  долбоорлордун  учурдагы  портфели  184 миллион еврону түзөт, активдүү  70 тен ашык  долбоор бар.  Өкмөт башчы  өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүүдөгү банктын маанилүү ролун белгилеп,  долбоорлорду, реформаларды жана бизнести колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.  

Өз кезегинде  директорлор кеңешинин мүчөлөрү  алдыдагы  амбициялуу пландары менен бөлушту.  Өткөн  жарым жыл  аралыгында  суу менен камсыз кылуу боюнча 28млн еврого, Жалал-Абад, Мырзаке-Куршаб, Кербен, Нарын жана Исфана шаарларындагы долбоорлорду ишке ашырууга 16 млн. еврого гранттык каражатты кошкондо бирдиктүү 5 долбоорго кол коюу ниеттери бар экенин айтышты.