Жаңылыктар
Түнкү клубдун жанында сабалган бала каза болду
Кылмыш
Түнкү клубдун жанында сабалган бала каза болду

Жалал-Абад шаарында түнкү клубдун жанындагы жаңжалда токмокко кабылган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов ооруканада каза болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Дарыгер Абдуламит Сайпидиновдун айтымында, жабырлануучу 13-сентябрда саат 10:00 чамасында үзүлдү.

«Бейтаптын баш мээсинде гематома бар эле, ошол себептүү дагы кан басымы бир түшүп, бир көтөрүлүп жаткан. Ал катуу ур-токмокко кабылып, баш мээси жабыркаган. Организм жаш болгондуктан көтөрө алган жок. Бүгүн таңга жуук кан басымы турукташып, абалы кечээкиге караганда бир аз жакшырган болчу. Бирок саат 10:00 чамасында кан басымы түшүп, үзүлдү. Сөөктү өлүкканага жеткирип беребиз, ал жакта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. Биз колубуздан келген бардык аракеттерди көрдүк», - деди дарыгер.