Жаңылыктар
Айыл чарба техникасын жакшыртуу
Айыл чарба
Айыл чарба техникасын жакшыртуу

Өкмөттүн буйругунун негизинде биринчи МТС майдын экинчи жарымында ачылат. Бул тууралуу айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди. МТСтерди түзүү боюнча өкмөттүн буйругун аткаруу максатында Айыл чарба министрлигинин адистери жер-жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

«Бул иштер график боюнча кетүүдө. Май айында Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында биринчи МТСти уюштуруу боюнча чоң семинар өтөт. Андан кийин Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында, июль айында Жалал-Абад, Баткен, Ош облусунда ушундай иштер аткарылмакчы», - деди министр. 

Ошол эле маалда айыл чарба техникасын тыштан ташып келүүдө лизинг келишимдери дыйкандарга тоскоол жаратып жатканы айтылды. МТСтерди түзүү үчүн дыйкандар айыл чарба техникасын жеңилдетилген насыя алып сатып алышат. 

Бирок ал техниканы ташыган дилерлердин колунда сөзсүз түрдө сырттан алып келүү үчүн лизинг келишимдери болушу керек.