Жаңылыктар
Мамлекеттик каржыларды башкаруунун абалы талкууланды
Экономика
Мамлекеттик каржыларды башкаруунун абалы талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алып, мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат менен таанышты. Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат алды.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултууда оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди. Бажы процедураларын автоматташтыруу жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө.

Министр белгилегендей, райондук борборлордун жана шаарлардын жолдорун капиталдык оңдоп-түзөөнү убагында бүтүрүү, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана реконструкция боюнча чаралар көрүлүп жатат. Анын жалпы узундугу 139,8 чакырым. Жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790 миллион 400 миң сом каражат керектелди, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 млн. сом акча каражаты бөлүндү. 

Президент экономикалык өнүгүүнүн сапаттуу өндүрүш инфраструктурасын түзүү үчүн таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаларды каржылоо өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу айтты. Мамлекет башчысы ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен аткаруу, адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын курууга багытталган сот-укуктук реформаны камсыздоо боюнча жумуштарды өз убагында каржылоонун маанисин белгиледи.