Жаңылыктар
Бишкекте “Евразиялык жумалык” эл аралык форуму өтөт
Экономика
Бишкекте “Евразиялык жумалык” эл аралык форуму өтөт

25-27-сентябрь күндөрү Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин “Евразиялык жумалык” эл аралык форуму өтөт. Форум биримдик тууралуу келишимдин беш жылдыгы, өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү, интеграциянын жаңы бутактарын аныктоо жана жаңы бизнес-аянтчаларды түзүү маселелерин талкулоого багытталган. 

Аталган форумдун алкагында 20дан ашуун аянтчаларды уюштуруу пландалган. Экономика министрлиги билдиргендей, Евразиялык жумалыкта негизги орунду айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайына арналган көргөзмө ээлейт. Ага бир гана тажрыйбасы бар чоң ишкерлер эмес, жаңы ишмердүүлүк менен алектенип баштаган компаниялар дагы чакырылган.