Жаңылыктар
Кой-Таштагы кырдаал. Комиссия Асанов менен Жээнбековдун маалыматын укту
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таштагы кырдаал. Комиссия Асанов менен Жээнбековдун маалыматын укту

2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту. 

Жыйындын жүрүшүндө маалымат берүүчүлөр окуялардын өнүгүшү, ага өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Комиссиянын бул жолку отурумуна Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу катыша алган жок. 

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков киргизилген.