Жаңылыктар
Кыргыз-түрк "Манас" университетине - 20 жыл
Билим
Кыргыз-түрк "Манас" университетине - 20 жыл

Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университетинин түзүлгөнүнө быйыл 20 жыл толду. Ага арналган салтанаттуу жыйын бүгүн окуу жайдын эмгек жамаатынын катышуусунда өттү. 

Ага катар окуу жайдын демилгеси менен Борбор Азия университеттеринин ассоциациясын түзүү тууралуу декларацияга кол коюлду. 

Ассоциациянын мүчөлүгүнө Европа менен Азиянын 11 мамлекетинен 22 жогорку окуу жай макулдугун берген. Кыргыз-түрк “Манас” университетин ачуу тууралуу эки тараптуу документке 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында кол коюлуп, алгачкы жолу 1997-98-окуу жылынан тарта студенттерге билим бериле баштаган. Учурда бул университетте билим алуу акысыз болуп, сабактар кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.