Каракол шаардык сотунда бирдиктүү терезе иштеп жатат. Бул жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Себеби жазык, жарандык жана кылмыш иштерине байланыштуу маселелер боюнча кайрылгандар өз-өзүнчө кабыл алынат.
Соттук-укуктук реформанын, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ак-Суу райондук жана Каракол шаардык сотунун имараттары оңдоодон өткөрүлүп, үн жазуучу жана видео камералар менен жабдылды.
Жакында Ысык-Көл облустук жана Ысык-Көл райондор аралык соту менен Каракол шаардык соту бир имаратка жайгаштырылат.
Бүгүн Ак-Суу райондук сотунда иш алып барууга баардык шарт түзүлгөн. Соттун имараты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жылытуу тутумунан баштап, эмеректерге чейин жаңыртылды. Бул соттук-укуктук реформанын алкагында ишке ашырылган көлөмдүү иштин бири бөлүгү. Мында ар кандай мүнөздөгү маселелер менен кайрылган жарандар үчүн да өзүнчө бөлмө каралган.