Жаңылыктар
Биздин көмүр казуучулар кандай шартта иштешет?
Кыргызстан жаңылыктары
Биздин көмүр казуучулар кандай шартта иштешет?

POST1RIGHT

Кара-Кече кенинде жумуш күнү-түнү токтобойт. Суук жакындап калганына байланыштуу көмүр казуучулар 2 нөөмөттө иштөөдө. Жумуш кычаган маалда кенден суткасына  1 миң тоннага чейин көмүр казылат.

Биздин чыгармачыл топту “Кыргызкөмүр” ишканасынын башкы инженери Таалайбек  Ашыров тосуп алды. 15 жылдан бери иштеп, дасыккан адис кендин ар бир ташын билет. Алгач эле мында келген адамдардын кан басымы текшерилет.

Эки жыл аралыгында Кара-Кечеде бир топ өзгөрүүлөр орун алды. Мурда жумушчулар вагондордо жашап келсе, азыр жатаканаларда жашашат.

Өрөөндө кыш эрте келет. Жылдын эки айы гана жылуу болуп, башка учурда суук. Ага жараша, жумушчулар үчүн да жакшы шарттар түзүлгөн. Сентябрь айында эле жылуулук бериле баштайт.