Жаңылыктар
Таластыктар кыш мезгилине кандай даярданышты?
Аймак
Таластыктар кыш мезгилине кандай даярданышты?

Талас облусу кыш мезгилине карата учурда 60-65 % көмүр менен камсыз болду. Жалпы облуска 55 миңден ашуун тонна кара алтын керек болсо, анын 49 миң тоннасын калк керектейт. Ошондой эле, электр энергиясы менен социалдык объектилерди жылытуу боюнча да даярдыктар жүрүүдө.

Шаардагы №5 мектептин жылуулук тутуму 2017-жылы толук жаңыртылган. Тышкы кийимчен сабак  өткөн күндөр артта калып, окуучулар жылуу класстарда билим алышат.

Ошондой эле, калаадагы бардык социалдык мекемелерде кыш камылгасы көрүлүүдө.

Бул жай Талас шаарындагы башкы от казан. Мындан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук таркатылат. Учурда кошумча 4-чү меш жаңыртылып жатат. Ал ортодо, тендерден уткан ишкана отун менен камсыздоо аракетинде.