Жаңылыктар
Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди

“Турдакун Усубалиев жана көп улуттуу кыргыз эли”. Мамлекеттик ишмердин 100 жылдык мааракесине арналган салтанат дал ушундай аталыш менен өттү. Иш-чарада Усубалиевдин Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы менен бирге улуттар аралык ынтымакты чыңдоодогу эмгеги да даңазаланды.

Белгилүү ардагер Дилорам Рафикова Кыргызстанды Турдакун Усубалиев башкарып турган учурда Социалисттик эмгектин баатыры наамына татыган. Ал мааракеге арналган салтанатка даңазалуу инсанды эскерүү үчүн келди.

Салтанаттуу аземде Усубалиев басып өткөн жол театралдык оюн-зоок аркылуу баяндалды. Ошондой эле анын атын түбөлүккө калтыруу үчүн жолго, ири объекттерге ысымын ыйгаруу сунушталды.