Жаңылыктар
Президент "Сүтак" тасмасынын режиссерун сыйлады
Маданият
Президент "Сүтак" тасмасынын режиссерун сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин режиссеру Мирлан Абдыкалыковду жана фильмдин продюссери, кинорежиссер Садык Шер-Ниязды кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы «Сүтак» көркөм фильминин авторлорун алардын тасмасы көптөгөн эл аралык абройлуу сыйлыктарга ээ болгондугун белгилеп, ириде Россиялык “НИКА” Улуттук киносыйлыгынын версиясы боюнча КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ичинен мыкты фильм катары таанылганы менен куттуктады. 


Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин маданиятын, каада-салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн таасын чагылдырган мыкты тасманы жараткандыгы үчүн Мирлан Абдыкалыков башында турган фильмдин чыгармачыл тобуна ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле, тасамада улуу тоолор арасында көчүп-конуп жашаган кыргыз үй-бүлөсүнүн татаал тагдыры жана турмуш-тиричилиги, алардын каарман эмгеги, жаратылышка болгон сүйүүсү жана аяр мамилеси, биздин мааниси терең каада-салттарыбыз жакшы көрсөтүлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы Мирлан Абдыкалыковго өз атынан кол саат тапшырып, чыгармачылык албан ийгиликтерди каалады.