Жаңылыктар
Жемкорлукту жоюудагы жарандык коомдун орду
Кыргызстан жаңылыктары
Жемкорлукту жоюудагы жарандык коомдун орду

Кыргызстанда азыркы учурда орун алып жаткан орчундуу көйгөйлөр өлкө эгемендүүлүк алганда кийин күчөп кеткен жемкорлук маселесине да байланыштуу экенин түшүнсөк болот. Коррупция ушул кезге чейин мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгында тамыр жайып, учурунда эл аралык аналитиктер Кыргызстанда коррупция мамлекеттик башкаруунун бир бөлүгү болуп калды деп айткан жайы бар.

Мындан эки жыл мурун бийлик өлкөдөгү жемкорлукту түп тамырынан жоюу максатын коюп, коррупцияга каршы аесуз күрөш баштады. 2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңишинин жыйынында президент паракорчулук менен күрөштүн негизги багыттарын аныктап, мамлекеттик мекемелердин жасай турган ар бир кадамын эсепке алуу менен чечим кабыл алынган. Мына ошондон бери ар бир мамлекеттик мекемеде коррупцияны демонтаждоо боюнча чаралар жүргүзүлүп, өлкөдө ири коррупциялык схемалар ачыкталып, ондогон чиновниктер жемкорлукка айыпталып камакта отурушат.

Коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө өлкөдөгү жарандык коомдун да орду чоң мааниге ээ. Алар элдин күнүмдүк жашоосуна түздөн түз аралашып, жемкорлук сыяктуу жат көрүнүштөрдү көп ачыкташат. Ошондуктан Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштө өкмөттүк эмес уюмдардын да жардамына муктаж экенин, алар менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасын президент Сооронбай Жээнбеков койгон эле. Акыркы эки жылдан бери бул багытта үзгүлтүксүз жумуш жүрүп, Коопсуздук кеңешинин төрагасы белгиленген мөөнөттө жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп маселе талкууланып жатат.