Жаңылыктар
Бишкекте "Tengri Music" музыкалык фестивалы өттү
Маданият
Бишкекте "Tengri Music" музыкалык фестивалы өттү

Бишкектеги Эски аянтта ачык асман алдында "Tengri Music" деген аталышта классикалык жана джаз музыкасынын фестивалы өттү. Иш-чара 14-сентябрдын кечинде болду. Фестивалда борбор калаанын тургундары жана жашоочулары Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин жана Петр Востоковдун джаз оркестринин аткаруусунда дүйнөлүк классикалык чыгармаларга күбө болушту. 

Фестивалдын уюштуруучуларынын айтуусунда, бул иш-чара аркылуу шаардыктарга маданий эс алуу тартуулоо максатын көздөйт. "Tengri Music" фестивалы Кыргызстанда бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу бир ай мурун Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулуп, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары күбө болушкан.