Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүүлөр уланууда
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат жана Жака-Өрүк конуштарына жакын жердеги абал боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

14-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жана Баткен районундагы Жака-Өрүккө жакын жердеги тактала элек тилкеге тажик тарап курулуш баштоого аракет кылган. Алар Жака-Өрүк жергесине жакын аймакка 10 машинеге жакын шагыл төгүшкөн. Мындан улам чек арага жакын кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулушкан. Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрдү.

Такталбаган аймактарга курулуш иштерин жүргүзбөө боюнча эки тараптуу макулдашууну Тажикстан аткарбай жатканына нааразы болгон Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен сүйлөшүү аракетинен натыйжа чыкпай жатат.

Тажикстан такталбаган аймактагы курулуштар тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн жарандары ортосундагы чыр-чатакты алдын алуу максатында кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.