Жаңылыктар
Кыргызстанда инвестициянын көлөмү өсүүдө
Экономика
Кыргызстанда инвестициянын көлөмү өсүүдө

2019-жылдын алты айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 393 миллион доллар түз инвестиция келди. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик кабарлады. Маалыматка ылайык, инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 59 пайызга көбөйгөн.

Кыргызстанга келген инвестицияны өлкөлөр боюнча бөлгөндө Кытайга 181 миллион доллар, Британияга 64,6 миллион доллар, Канадага 44 миллион доллар жана Нидерланддарга 31,3 миллион доллар туура келет.