Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Баткен Исфана жолу ачык, транспорт каражаттары күндөгүдөй эле каттап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты. Учурда эки мамлекеттин тең күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тртипте иш алып барып, абалды көзөмөлдөөдө. 

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жана Баткен районундагы Жака-Өрүккө жакын жердеги тактала элек тилкеге тажик тарап курулуш баштоого аракет кылган. Алар Жака-Өрүк айылына жакын аймакка 10 машинеге чукул шагыл төгүшкөн. 

Мындан улам, чек арага жакын кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулушкан. Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрдү. Жарандар ортосундагы чыр-чатакты алдын алуу максатында кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундардын ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.