Шамшы жайлоосунда калың кар жаагандан кийин байланыш үзүлүп, дайыны билинбей жаткан 9 чабан толугу менен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кегети капчыгайына алар 14-сентябрь күнү түшкөн. Чабандар менен байланыш болбой жатканы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин ӨКМдин Ысык-Атадагы куткаруучулары жана жайыт комитетинин өкүлү Кегети капчыгайы аркылуу чыгып кетишкен.
Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бийик тоолуу жайыттардагы жарандарга жардам берүү, ири мүйүздүү жана майда мал-жандыгын баккандарды ылдый түшүрүү боюнча маселени караган жыйын өткөргөн.