Жаңылыктар
Мекендештер футбол жана волейбол боюнча турнирге катышышты
Мекендештер
Мекендештер футбол жана волейбол боюнча турнирге катышышты

Дем алыш күндөрү Москва шаарында “Демилге” жана “КG лига” кубоктору үчүн футбол жана волейбол боюнча турнир өттү. Мекендештер кызыктуу оюн көрсөтүп, футбол оюнун катыра ойноду.

Топту алыска тебүү, гол киргизүү учурлары. Күйөрмандар чалыккан жок. Матч кызуу кармашта өттү, командалар 1:1 эсебинде теңме тең чыгып, акыркы чекитти пенальти койду. Жеңишти "Каракол" командасы камсыздады. "Ысык-Көлдүн" оюнчулары 5, "Караколдун" оюнчулары 6 гол киргизди.

Оюн 2:2 эсебинде аяктады. Судья пенальти жарыялап, биринчи эле аракет эки командага тең ийгилик алып келгендей болду эле, бирок Ош курамасынын дарбазачысы эки топту ыкчам тосуп алып, пенальтинин жыйынтыгы менен 4:3 эсебинде "Гүлбаар" командасы жеңип алды. "Демилге" кубогунун 3-оруну үчүн "Октябрь" жана "Садыр аке" топтору беттешип, "Октябрдын" оюнчулары 3:1 эсебинде жеңишти камсыздады. 

Белгилей кетсек, быйыл "Демилге" кубогу үчүн оюндар экинчи ирет өтүп жатат. Анын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Футболдун жеңүүчүлөрү аныкталгыча, мигрант кыз - келиндер волейбол боюнча күч сынашты. Уюштуруучулар белгилегендей, мындай оюндардын өтүп турушу, сергек жашоону гана камсыздабастан, чет жерде жүргөн мекендештердин ынтымагын бекемдейт.
Эки ай тынбай машыгуу артта калды. Жеңгендер кубанып, жеңилгендер мекендештердин жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктады. Оюнчулар достук жеңгенин бир ооздон белгиледи.