Россиянын Красноярск шаарындагы беш кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 8 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан чыккан. Өрт чыккан батирде Лесосибирсктин прокурору Василий Федорцов, үй-бүлөсү, эки эжеси бар болгон. Натыйжада 8 адам каза болду, алардын катарында 4 бала.
Алдын ала божомолдорго караганда, кырсык электр чубалгыларынын туура эмес туташтырылганынан келип чыгышы мүмкүн.
Учурда тиешелүү органдар кырсыктын келип чыгуу себептерин териштирүүдө.