Жаңылыктар
Ош облусунда пахтанын алгачкы терими башталды
Айыл чарба
Ош облусунда пахтанын алгачкы терими башталды

Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорунда пахтанын алгачкы терими башталды. Быйылкы аптаптуу аба ырайын эске алганда, пахтанын түшүмдүүлүгү жылдагыдан жогору. Дыйкандар гектарына 32 центнердин тегерегинде алаарын айтышат. 

Ош облусунда акыркы 3 жылда пахтанын аянты 3 миң гектарга кеңейген. Буга ак алтынга болгон баанын жыл сайын өсүшү негиз болду. Ак буланын бир киллограмы өткөн күздө 45 сомдон 52 сомго чейин бааланган. 

Дубанда жалпы 9 миң гектардан ашуун пахта аянты бар. Өсүмдүктүн буласын жыйноо жылына 3 ирет жүрөт. Адистер, анын сортуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Облуста пахтаны кайра иштеткен 7 завод бар. Ал эми жыйналган пахта жергиликтүү жана чет элдик компаниялар аркылуу Түркия, Кытай, Орусияга сатылат.