Жаңылыктар
Казакстан: поезд менен автобус кагышып, айдоочу каза болду (видео)
Дүйнө
Казакстан: поезд менен автобус кагышып, айдоочу каза болду (видео)

Казакстандын Алматы шаарында жүргүнчүлөрду ташыган поезд автобус менен кагышты. Кырсык, 15-сентябрда кечке маал болгон. «Алматы - Костанай» багытындагы поезд «Алматы - Каскелең» багытындагы жүргүнчү ташыган автобусту сүзгөн. 

Автобуста 67 адам болгон жана кырсыктан айдоочусу каза болуп, үч адам ооруканага түштү. Алардын экөө жаш балдар экени айтылууда. 

«Автобустун айдоочусу эскертүүчү белгиге көңүл бурбай, темир жолго чыгып кеткен. Анын жыйынтыгында жол кырсыгы болду», - деп айтылат Алматы облусунун полиция департаментинин билдирүүсүндө. 

Учурда кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.