Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндары старт алды
Спорт
Улуттук көчмөндөр оюндары старт алды

16-сентябрда Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндары старт алды. Мелдештин алгачкы күнүндө көк бөрү оюну өтүп, 3 беттеш орун алды. Алгачкы таймашта "А" тайпасында жайгашкан Ош менен Нарын командасы беттешип, 12:0 эсебинде Ош курамасынын пайдасына аяктады.

Экинчи беттеште "В" тайпасында орун алган Бишкек жана Ысык-Көл курамалары ойноду. Биринчи бөлүктө бишкектиктер 4 салымга утулганы менен, оюндун калган бөлүгүндө Ысык-Көлдүн тайказанына 5 улак таштаганга үлгүрдү. Жыйынтыгында 5:4 эсеби катталып, Бишкек курамасы жеңишке жетти.

Күндүн акыркы оюнунда Чүй-Баткен командалары кез келди. Рустам Тыналиев жана Сейитбек Анарбек уулу баштаган чүйлүктөр атаандашын 12:2 ири эсебинде утуп, мыктылыгын далилдей алышты. 

Белгилей кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндарын КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтүүдө. Таймаштарды аталган каналдын ютуб баракчасынан да көрө аласыздар.