Жаңылыктар
Бишкекте жаштар форумга чогулушту
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жаштар форумга чогулушту

Бишкекте "Кыргызстан жаштарынын туруктуу өнүгүү багытына карай жетишкендигинин ролу" атту форум болуп, ага өлкөдөгү алдынкы жаштар уюмдары менен активисттери катышты. 

Форумдун максаты - жаштарга туруктуу өнүгүүнүн келечектүү багытын көрсөткөн маалымат берүү жана билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо тармактарында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгындагы көйгөйлөр менен тааныштыруу болду. 

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча жаштардын 40 пайызы билим берүүнүн сапаттык натыйжасына тынчсызданса, дагы 41 пайызы бул көйгөйдү чечүүдө мамлекеттин ролу жогору экенин баса белгилешкен. Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.