Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз-тажик чек арасында катталган инцидентке байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков Тадик мамлекетинин тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Айдарбеков тажик чек арачылары тарабынан Кыргызстандын «Максат» жана «Сай» чек ара көзөмөлүндө турган аскерлерге карата ок атуусу акылга сыйбаган иш болгонун өзгөчө белгиледи.

Тажик чек ара кызматчыларынын огунан Кыргызстандын бир аскери каза болгонун маалымдады. Ошондой эле ал ок биринчи тажик чек арачылары тарабынан чыгарылып, миномет катарына ок атуучу курал колдонгонун айтты.

Чатак Кыргызстан менен Такжикстандын тактала элек аймагында катталган. Ал жерге тажик тарап кыргыз өкмөтү менен макулдашпастан аскерлердин күзөт пунктун кура баштаган.