Жаңылыктар
Чек ара кызматы Баткендеги абалды жөнгө салуу боюнча иш чараларды өткөрүп жатат
Чек ара
Чек ара кызматы Баткендеги абалды жөнгө салуу боюнча иш чараларды өткөрүп жатат

Ички иштер органдары жана мамлекеттик чек ара кызматы Баткенде абалды жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш чараларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 


Милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында бардык чаралар көрүлүп чек арага жакын аймактарда жашаган жарандар менен түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшүп, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.



"Биздин эң башкы милдетибиз- коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун сактоо. Ок атышуулар саат 21.30 токтогон. Жергиликтүү жарандар учурда ар бири өз үйлөрүндө .Укук коргоо органдары, мамлекеттик чек ара кызматы абалды жөнгө салуу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө",- деп жазылат маалыматта.